Кыргызстандын өкмөтүнүн орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусунда жумушчу жыйын өткөрүп, өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелерин талкуулады. Жыйынына тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жеке нефть компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун ишмердүүлүгүнө басым жасалды. 2021-2025-жылдар аралыгындагы жана 2026-жылдын биринчи алты айындагы ишкананын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу отчет угулду. Нефть жана газ өндүрүү, буроо иштеринин жыйынтыктары, продукциянын сатылышы, финансылык көрсөткүчтөр жана активдер, ошондой эле мындан аркы өнүгүү пландары талкууланды.