Кыргызстан билим берүү академиясында (КАО) 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча коомчулукта уланып жаткан сын-пикирлерге комментарий беришти. Академиянын өкүлдөрү нааразычылыктын бир нече факторлор менен байланыштуу экенин түшүндүрүштү.

Биринчи кезекте, ата-энелер жана мугалимдер реформаны концепция боюнча эмес, практика боюнча баалашат: окуу китептеринин болушу, билим берүү программасынын тактыгы, балдардын жана мугалимдердин даярдыгы, ошондой эле окуучуларга болгон жүктөм суроолорду жаратат. Экинчи жагынан, көпчүлүк 12 жылдык моделдин маңызын түшүнбөй, аны билим берүүнүн узартылган мөөнөтү катары кабыл алышат, ал эми билим берүүнүн мазмуну жана ыкмаларынын өзгөрүшү катары эмес.