Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров Пакистандагы Лахор шаарында Кыргызстандагы ардактуу консул менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды. Пакистан тараптын өкүлдөрү Кыргызстанга инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле артыкчылыктуу тармактар жана инвесторлор үчүн мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышышты.
Сабиров Пакистан менен кызматташтыкты күчөтүүнүн жана жаңы инвестициялык өнөктөштөрдү тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал: «Кыргызстан чет өлкөдөгү өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө кызыкдар. Биз инвесторлорго келечектүү багыттарды сунуштоого, тиешелүү коштоону камсыз кылууга жана эки өлкөнүн бизнес коомчулуктары ортосунда түз диалогду орнотууга даярбыз», - деди.

Талкууланган маанилүү темалардын бири туризм, халяль өнөр жайы, этти кайра иштетүү жана өндүрүү, ошондой эле санариптик банк кызматтары сыяктуу тармактардагы биргелешкен долбоорлор болду. Тараптар бизнес байланыштарды күчөтүүнүн, маалымат алмашуунун жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн конструктивдүү өз ара аракеттешүүнү улантуунун зарылдыгын белгилешти.