Дуа Липа өзүнүн Manifesto Library аттуу китепканасын тааныштырды, деп билдирет Rolling Stone. Бул мекеме ырчы 2021-жылы баштаган Service95 китеп клубунун долбоорунун бир бөлүгү болуп калды.

Липанын айтымында, китепкана унутулган китептерге, бийликке каршы чыгып, эрдик көрсөткөн жазуучуларга жана тышкы басымга туруштук берген окурмандарга арналган. "Бул китепкана – каршылык жана адабияттын маанилүүлүгүнүн символу," – деп белгиледи ал.