Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылы электр унааларын бажысыз алып келүү квотасынын калдыгы жакында бүтөөрү тууралуу маалымдады. Учурда 13 780 квота колдонулду, 1 220 квота калды.

2026-жылга 15 миң электр унаасы үчүн квота каралган, алар ТН ВЭД ЕАЭС боюнча 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 коддоруна ылайык классификацияланат. Бул транспорт каражаттарына бажы төлөмүн төлөө боюнча жеңилдиктер колдонулат.