Административдик-территориялык реформаны өткөргөндөн кийин Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктары үчүн полигондордун саны 412ден 290га төмөндөгөн. Бул тууралуу экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев билдирди.
Министр полигондордун санынын кыскарышы райондордун чоңойтулушу жана айылдык аймактардын бириктирилиши менен байланыштуу экенин түшүндүрдү. Натыйжада, айрым полигондор колдонулбай калат жана жабылышы керек, андан кийин жерлерди рекультивациялоо жүргүзүлөт.