Орусиянын мурдагы аскер кызматкери Александр Лунин экстремисттик символду жайылтты деген административдик айып менен 27-июнда камакка алынды. Бул тууралуу алгач "Верстка" басылмасы маалымдады.Соттун чечими расмий сайтка өкүм чыгарылгандан эки күн өткөндөн кийин, 29-июнда эртең менен гана жарыяланган.Сот өкүлдөрү журналисттерге иштин чоо-жайын ачыктоодон баш тартышты.Экстремисттик символду жайылтуу беренеси боюнча 15 суткага чейин камакка алуу каралган.Александр Луниндин Telegram...