Кыргызстанда көп аялдуулук мыйзам менен тыюу салынганы менен анын көмүскөдө жашаган көрүнүштөрү дагы эле аз эмес. Расмий статистика жок болгондуктан, көйгөйдүн чыныгы масштабы белгисиз бойдон калууда. Мындай учурлар көбүнчө үй-бүлөлүк жаңжал, зомбулук же мүлк талаш чыкканда гана коомчулукка белгилүү болот. «Азаттык» Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бул маселени башынан өткөргөн аялдардын тагдырын иликтеди. #azattykproject2026