Россияда 29-июнду Партизандар жана подпольеде иштегендер күнү деп белгилеп келишет. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРде 1200гө чукул партазиндык отряддар жана бириккен топтор болгон. Алардын саны миллион адамга жеткен. 128 миңге чукул каарман адамдар орден жана медалдар менен сыйланган. 248ине Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.