Бишкекте 1-июлдан тартып Садырбаев көчөсүнөн Манас айылы көчөсүнө чейин созулган Магистралдык көчөнүн бөлүгү убактылуу жабылат. Транспорттун кыймылына чектөөлөрдү киргизүүнүн себеби курулуш жана реконструкция иштеринин башталышы болуп саналат, бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.