Ысык-Көлдө бул жайдагы эң ири музыкалык фестивалдардын бири өтөт

ESCAPE FEST 2026 артисттердин чыгыштарын, түнкү DJ-сеттерди жана миңдеген музыка сүйүүчүлөрүн бириктирет.



31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдүн кооз жээгинде ESCAPE FEST 2026 музыкалык фестивалы өтөт. Үч күн бою конокторду аткаруучулардын чыгыштары, кызыктуу DJ-сеттер жана уникалдуу майрам атмосферасын түзгөн көңүл ачуучу программа күтүп турат.




Уюштуруучулар фестивалга миңдеген коноктордун келерин күтүшүүдө, алар концерттерден тышкары иш-чаранын аймагында ар түрдүү активдүүлүктөрдү да пайдалана алышат.




Билеттердин сатылышы башталды. 30-июнга чейин бир күндүк билетти 3 миң сомго, үч күндүк абонементти 6 миң сомго, VIP-билетти 15 миң сомго сатып алсаңыз болот. Көрсөтүлгөн датадан кийин билеттин баасы акырындык менен жогорулайт.


Билеттерди KASSIR.KG платформасынан сатып алсаңыз болот.