Мамлекеттик мекеме «Ичүүчү суу камсыздоо жана суу чыгаруу объектилеринин капиталдык курулуш башкармалыгы» Чүй облусунда ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча жаңы долбоордун долбоордук-сметалык документациясын түзүү үчүн тендер жарыялады. Негизги максат - суу камсыздоо системасын долбоорлоо жана куруу.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган маалыматка ылайык, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 8 миллион 699,1 миң сом бөлүнөт деп пландалууда.