Орус армиясынын ракета жана дрондор менен урган соңку соккуларынан Украинада кеминде 11 жай тургун каза болуп, дагы 40 адам жараат алды.Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал чабуулду "үрөй учурган сокку" деп мүнөздөдү.Зеленскийдин айтымында, орус армиясынын ракеталык соккусу Днепр шаарында беш адамдын өмүрүн алып, 29 кишини жарадар кылган.Ошондой эле орус күчтөрүнүн дрону Запорожье шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобуска тийип, үч адам набыт...