Кыргызстан өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өлкөнү отун-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу маселелерине арналган жумушчу жыйын өткөрдү. Иш-чарага тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жеке мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун ишмердүүлүгү каралды, анда 2021-жылдан 2025-жылга чейин жана 2026-жылдын биринчи алты айында ишкананын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу отчет сунушталды. Нефть жана газ өндүрүү, буроо иштеринин абалы, продукцияны сатуу көлөмү, ошондой эле кирешелер жана активдерди камтыган финансылык көрсөткүчтөр талкууланды. Мындан тышкары, ишкананын келечектеги өнүгүү пландары белгиленди.