2027-жылга чейин Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылдык аймагындагы жети айыл таза ичүүчү суу менен камсыз болот. Бул долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Климаттын өзгөрүшүнө каршы суу чарба кызматтарын туруктуулугун жогорулатуу» инициативасынын алкагында ишке ашырылууда.
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Макканбаевдин маалыматына ылайык, эки артезиандык кудукту куруу жана үч суу сактагычын даярдоо боюнча иштер аяктаган. Кызыл-Коргон айылында 100 метр тереңдикте кудук бурулган, лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин суу ичүү үчүн коопсуз деп табылган.