Бишкекте дем алыш күндөрүндө укук коргоо органдары 360тан ашык адамды кармашты. Бул тууралуу борбордун Ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Полиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды күчөтүп, укук бузуулардын алдын алуу максатында профилактикалык жана оперативдик иш-чараларды өткөрүштү.