Бишкекте 14 жаштагы Аружан Данакулова изделүүдө
Бишкекте 14 жаштагы Аружан Данакулова изделүүдө, ал балдардын социалдык адаптация борборунан чыгып кеткен. Бул маалыматты Ленин районунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

2026-жылдын 2-майында, Курчатов көчөсүндө жайгашкан мекеменин тарбиячысы милицияга арыз жазып, тарбиялануучу борбордон өз каалоосу менен чыгып кеткенин маалымдаган.