
Бишкек шаардык инспекциясы жол курулуш иштеринин жүрүшүндө экологиялык нормаларды бузгандыгы үчүн подряддык уюмду административдик жоопкерчиликке тартты.
Текшерүү социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтар жана жашоочулардын кайрылууларынан кийин башталды. Алар Боконбаев жана Усөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде дарактардын түп айланалары бетон менен жабылганын билдиришкен.
Текшерүү учурунда инспекторлор бузулууларды тастыкташты. Натыйжада ОсОО «Телеком Спецстрой» компаниясына Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү, бул аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузууга байланыштуу. Бул үчүн подрядчыга 17 миң сом өлчөмүндө айыппул салынды.
Шаардык мэриянын маалымат кызматынын маалыматына ылайык, подрядчы дарактардын түп айланасындагы бетон жабууну алынды. Жумушчулар өсүмдүктөрдүн тамыр системасына аба жана нымдын киришин камсыздап, туруктуу сугаруу үчүн ылайыктуу түп айланаларын түзүштү.
Сүрөт www