Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова «Ачык кабинет» медиа долбоорунун алкагында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кырдаалдык борборун зыярат кылды. Визит массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр борбордун иши менен таанышып, ал 2025-жылдын сентябрынан бери иштеп келе жатканын жана университеттеги окуу процессин борборлоштурулган көзөмөлдөө үчүн түзүлгөнүн билдирди. Борбор билим берүү процессинин убагында жана үзгүлтүксүз жүрүшүн мониторинг жүргүзүп, кызматкерлер арасында эмгек тартибин сактоону көзөмөлдөөгө жардам берет. Анын милдеттеринин бири - билим берүү тармагында ачыктыкты камсыздоо, студенттердин жана окутуучулардын коопсуздугун жогорулатуу, ошондой эле жетекчилик тарабынан чечимдерди тез кабыл алууга көмөктөшүү.

«Борборго Баткен, Нарын жана Талас облустарындагы аймактык институттар да туташтырылган. Бул жерде лекциялар кайсы аудиторияларда жана кайсы окуу жайларында өтүп жатканын көрүүгө жана угууга болот. Бүгүнкү күндө мындай борбор улуттук университетте гана иштейт», - деп баса белгиледи министр.