Ысык-Көл облусунда бир жума ичинде 23 экологиялык мыйзам бузуулар катталды. Бул маалыматты Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги берди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматкерлеринин Ысык-Көл көлүн коргоо боюнча чаралар жана Ысык-Көл жана Сон-Көл көлдөрүндө өнөр жай балыгын кармоо боюнча мораторий боюнча буйруктарды аткаруу алкагында, аймакта рейддер өткөрүлдү.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталып, 23 административдик мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлдү. Рейддердин жыйынтыгы боюнча, жалпы административдик айыппулдардын суммасы 190 000 сомду түздү.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын негизги максаты экологиялык мыйзамдарды жана табигат пайдалануу чөйрөсүндөгү нормаларды сактоону камсыз кылуу, ошондой эле мыйзам бузууларды аныктоо жана токтотуу болду.