Бишкек жана Санкт-Петербург санарип доорундагы китепканалардын өнүгүшүн талкуулашты




Онлайн форматта 25-июнда Бишкектин борбордук китепканалар системасы менен Санкт-Петербургдогу В. В. Маяковский атындагы борбордук шаардык коомдук китепкананын ортосунда жолугушуу өттү. Иш-чара «Смартфон доорундагы китепкана» темасына арналды.

В. В. Маяковский атындагы китепкананын өнүгүү боюнча орун басары Елена Ахти санариптик трансформация шартында китепканалык кызмат көрсөтүүнүн заманбап ыкмаларын сунуштады. Жолугушуунун катышуучулары китепканалык процесстерди автоматташтыруу, электрондук ресурстарды өнүктүрүү жана санариптик кызматтарды киргизүү, ошондой эле китепканалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган инновациялык долбоорлорду талкуулашты.