
Көп күндүк жаан-шашын Индиянын Ассам жана Аруначал-Прадеш штаттарында селдердин пайда болушуна себеп болду, акыркы штатта үч адамдын өмүрүн алып кетти. Табигый кырсык натыйжасында 22 миңден ашык жергиликтүү тургун жабыркаганын Hindustan Times маалымдады.
Сел алты районду каптады, эң көп жабыркагандар Дхемаджи округунда — 15,4 миң адам катталды. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 96 айыл суу астында калды, ал эми 1,69 миң гектар айыл чарба жерлери зыян тартты. Ошол эле райондо 1965-жылы салынган темир жол көпүрөсүнүн бир бөлүгү кулады.