Кыргызстанга эмне үчүн тынч атом керек


18-19-июнь күндөрү Бишкекте "Energy Expo Kyrgyzstan - ШОС 2026" аттуу эл аралык энергетика көргөзмөсү өттү, анда энергетика маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. "Росатом" мамлекеттик корпорациясы Кыргызстан үчүн сунушталган РИТМ-200Н реакторуна негизделген чакан кубаттуулуктагы атомдук станциянын технологияларын тааныштырышты.