
Түрк мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев 29-июнда Бакуда өткөн «Биринчи түркология конгресси: илимий жана маданий мурастын кыл жылы» аттуу Эл аралык конгресске катышты. Бул тууралуу Түрк мамлекеттеринин уюмунун маалымат кызматы билдирди.
Омуралиев өз сөзүндө Азербайжан президенти Ильхам Алиевге 100 жылдык Биринчи түркология конгресси менен байланыштуу Түрк дүйнөсүнүн апталыгын уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул окуянын тарыхый мааниси чоң экенин белгилеп, 1926-жылы өткөн биринчи конгрессте пайда болгон биримдик, кызматташтык жана маданий кайра жаралуу идеялары бүгүнкү күндө да Түрк мамлекеттеринин уюмунун ишмердүүлүгү үчүн актуалдуу экенин айтты.
Башкы катчы уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында түрк мамлекеттери биримдикти жана өз ара аракеттешүүнү кыйла күчөтүшкөнүн белгиледи. Ал учурдагы этапты «Түрк дүйнөсүнүн Алтын доорунун башталышы» деп мүнөздөдү. Омуралиев юбилейдик жылы бир катар эскерүү иш-чаралары өткөрүлөрүн, анын ичинде өткөн айда түрк кызматташтык уюмдарынын катышуусунда өткөн эл аралык конференцияны, ошондой эле Ташкентте, Самаркандда жана Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында пландалган иш-чараларды маалымдады.