Баткен облусунда жазгы эсептөө боюнча 4 миңден ашык суркактар катталды

Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан суркактардын саны боюнча жазгы эсептөө аяктады. Иш-чаранын негизги максаты - жапайы жаныбарлардын санын, алардын жайылышын жана популяциянын жалпы абалын баалоо.

Жыйналган маалыматтар жаныбарлар дүйнөсүн туруктуу мониторинг жүргүзүүгө жана региондогу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча натыйжалуу программаларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Изилдөөнүн жыйынтыгында, Баткен облусунун 188 512,2 гектар аянтында 759 суркак катталган.