Шаар башчысы Жанарбек Акаев 29-июнда «Эне-Сай» турак жай массивине барып, жолдун кеңейиши боюнча үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө жаңы турак жай берилген шарттар менен таанышып чыкты.
Шаар башчысы жаңы батирлерге көчүп келген тургундар менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угуп алды. Ал ошондой эле жаңы конуштарга байланыштуу бардык инфраструктуралык маселелерди тез арада чечүү үчүн тиешелүү кызматтарга көрсөтмөлөр берди.

Акаев жолдорду кеңейтүү долбоорлорунун маанилүүлүгүн белгилеп, алардын шаар үчүн стратегиялык мааниси бар экенин айтты, бирок жарандардын кызыкчылыктары дайыма биринчи орунда болушу керек экенин баса белгиледи.
«Суук түшпөй туруп, үйү толук бузулган бир дагы үй-бүлө башпанасыз калбашы керек. Бул биздин негизги милдетибиз. Биз бардык иштерди аягына чейин жеткирип, ар бир жаран өзүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарда сезүүсү үчүн аракет кылабыз», - деди мэр.