Өткөн жумада Кыргызстанда картошканын жана пияздын баасы төмөндөгөн, ал эми Казакстанда ушул эле азыктарга баа кескин жогорулаган. КРнын Суусутек, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанда, Казакстанда жана Россияда бааларды мониторингдөө боюнча жыйынтыктарды сунуштады.
Кыргызстанда ошондой эле моркованын баасы 7%, пастеризацияланган сүт 2,1%, кой эти 1,3%, тандыр нан 0,4% жана айрым түрдөгү макарон азыктары 0,2% жогорулаган. Ошол эле учурда, республикада пияздын баасы 6,9%, картошканын 4,6%, сары майдын 0,9%, рафинирленген күн карама майынын 0,6%, биринчи сорттогу буудай унунун 0,6%, импорттук биринчи сорттогу ундун 0,5% жана күрүчтүн 0,1% төмөндөгөн.