Бишкекте ири өлчөмдө психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарын мыйзамсыз сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Ички иштер министрлиги болжол менен 12 миллион сомдук товар жүгүртүүдөн чыгарылганын билдирди.