Нарын шаарында курулуш мыйзамдарын бузгандарга чара көрүлдү




Нарын шаарында курулуш мыйзамдарын бузуу боюнча чаралар көрүлдү. Кыргызстандагы курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги бул тууралуу маалымдады.
Ведомстводон билдиришкендей, Нарын облустук мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаменти курулуш мыйзамдарынын нормаларын сактоо боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турат.
Контрольдук иш-чаралардын жүрүшүндө зарыл долбоордук жана уруксат документтери жок курулуш иштерин жүргүзүү, ошондой эле бир катар объектилердин назначениесин өз алдынча өзгөртүү учурлары катталган.