
Кыргызстанда унаа башкарган айдоочулар үчүн мас абалда унаа башкаруу боюнча жаңы, катуу жаза чаралары киргизилди. Эми бул мыйзам бузуулар үчүн 80 миң сом өлчөмүндө айыппул жана эки жылга айдоочулук укуктан ажыратуу каралган. Бул тууралуу КР ИИМдин ГУОБДД юристи Байказы Айтикул уулу «Кабар» маалымат агенттигинин «Элден собол» программасында билдирди.
Юристтин айтымында, мурдагы айыппулдар жана жаза чаралары мыйзам бузуу эрежелерин натыйжалуу алдын алууга мүмкүнчүлүк берген жок, бул мыйзамды өзгөртүүгө себеп болду. Мурда мас абалда унаа башкаргандыгы үчүн 17 500 сом өлчөмүндө айыппул каралган, ал эми 2023-жылдан тарта бир жылга айдоочулук укуктан ажыратуу күчүнө кирген. Бирок мындай чара натыйжалуу болбой калды, ошондуктан өзгөртүүлөр киргизилди.