Кочкор районунда мыйзамсыз балык уулоого шектелген үч браконьер кармалды

Кочкор районунун Арсы айылында, «Пруд» урочищесинде, мыйзамсыз балык уулоого уруксатсыз алтыган үч жаран кармалды. Нарын облустук экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери рейд өткөрүп, ушул учурда мыйзам бузгандарды аныкташты.

Текшерүү натыйжасында мыйзам бузгандарга протоколдор түзүлүп, административдик айыптар белгиленди. Рейддин негизги максаты мыйзамсыз балык уулоону токтотуу гана эмес, жергиликтүү тургундар менен мыйзамдарды сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду. Бул иш-чара табигый ресурстарды сактоого жана суу сактагычтарды коргоонун маанилүүлүгү тууралуу калкты маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.