
Сүрөт: Экология жана табигый ресурстар министрлигинин маалымат кызматы.
Баткен облустук экология жана табигый ресурстар министрлигинин адистери жазгы сурктарды эсепке алууну аякташты. Бул изилдөөлөр жапайы жаныбарлардын саны, алардын жайылышы жана популяциясынын абалын баалоого багытталган.
Алынган жыйынтыктар региондун фаунасын туруктуу мониторинг жүргүзүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн маанилүү. Баткен облусунун 188,5 миң гектар жеринде эсепке алуу учурунда 759 сурк эсептелди.