Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Тайланддын Паттайя шаарында өткөн жаштар Азия чемпионатында 5-орунду ээледи. Турнир 27-июнда башталып, 15 жашка чейинки жаш спортчуларды чогултту.
Грек-рим күрөшү боюнча мелдештерде 10 медаль комплекти ойнолуп, Кыргызстандан 10 балбан катышты. Натыйжада кыргызстандыктар 5 медаль утушту: бир күмүш жана төрт коло.

Умар Байкожаев 38 кг салмак категориясында финалга чейин жетип, натыйжада күмүш медаль утту. Коло медалдарды Умар Маданбеков (48 кг), Нурислам Кенжебаев (57 кг), Умар Балтабаев (62 кг) жана Элдияр Тургунов (75 кг) жеңип алышты.