Ысык-Көл облусунун Тон районунун прокуратурасы жер мыйзамдарын сактоо боюнча текшерүү жүргүзүп, 2006-жылдан 2008-жылга чейин Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айылдык аймактарында жайгашкан 47,84 гектар аянты бар айыл чарба багытындагы жер участоктору мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөнүн аныктады.
Прокурордун кийлигишүүсүнүн натыйжасында бир катар чаралар көрүлүп, жалпы баасы 65 миллион сомду түзгөн бардык участоктор мамлекеттин менчигине кайтарылды.