
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы азык-түлүк товарларынын бааларын талдады.
Кыргызстанда сәбиздин баасы 7%га, пастеризацияланган сүт (2,5–3,2% майлуулукта) 2,1%га жана кой эти 1,3%га кымбаттады. Мындан тышкары, тандыр наны 0,4%, вермишель жана рожки 0,2%га кымбаттады.