Наркотиктерге каршы «Канал–Янтарный берег» операциясынын натыйжасында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Наркотиктерге каршы күрөшүү кызматы ири масштабдагы психотроптук заттар жана күчтүү дары-дармектерди сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишин токтотту.

Бишкекте төрт жаран кармалды: А.М. (2005-жылы туулган), М.К.А. (2004-жылы туулган), Ц.А.В. (1985-жылы туулган) жана Н.К.Н. (1998-жылы туулган). Алардын контролдонуучу препараттарды тиешелүү медициналык рецепттерсиз сатканы аныкталды. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги берген.