Кыргызстандын 104 миң 500 жараны Орусиянын “кара тизмесинде” турат, андан тышкары дагы 90 миң 721 кыргызстандык бул өлкөнүн көзөмөл реестрине киргизилген.Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 2025-жылы Орусиянын “кара тизмесинде” 91 миң 566 кыргыз жараны бар болчу.2025-жылдын 5-февралынан тартып чет элдик жарандар үчүн “көзөмөлгө алынгандардын” реестри иштей баштаган. Тизмеге илинип калгандардын укуктары кескин чектелип,...