Бишкекте кыздарды зомбулукка алган эркек кармалды. Психикалык ооруга чалдыккан болуп чыкты

Күдүктү текшерүү үчүн медициналык кызматкерлерге өткөрүп беришти



Бишкекте эртең менен кыздарды шаар көчөлөрүндө зомбулукка алган эркек кармалды. Бул тууралуу Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымат алынды.


Коомдук коопсуздук органдары 2001-жылы туулган А.А.дан жазуу жүзүндөгү арызды алышты.


Оперативдик иш-чаралардын натыйжасында 1998-жылы туулган У.Ш. кармалды.


Текшерүү учурунда кармалган адамда психикалык ооруга байланыштуу белгилер табылды. Ошондуктан анын абалын баалоо үчүн атайын психиатриялык бригада чакырылды. Текшерүүдөн кийин жаран медициналык кызматкерлерге кошумча текшерүү үчүн өткөрүлдү.


Сүрөт www