Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Джамиля Джаманбаева ата-энелерди жана мамлекеттик органдарды жазгы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырууда. Омбудсмен институтунда ата-энелер жаш өспүрүмдөрдүн эс алуусун кылдат көзөмөлдөп, аларды көзөмөлсүз калтырбоо керектигин белгилешти.
Джаманбаева «Балдар жөнүндө» кодексинин 17-беренесине ылайык, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мамлекеттик органдардын милдети экенин айтты. Ал кырсыктардын натыйжасында балдарын жоготкон ата-энелерге көңүл айтты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери республикада 41 адам, анын ичинде 13 бала сууга батып кеткен.