
Ичкилик ичип унаа башкаргандыгы үчүн, бул ден соолукка зыян келтирсе, айдоочуга 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу бар. Бул тууралуу КР ИИМдин ГУОБДД юристи Байказы Айтикул уулу «Элден собол» программасында билдирди.
Кошумча жаза чаралары
Юристтин айтымында, мындай укук бузууларды жасаган адамдар үчүн 6 жылдан 9 жылга чейин унаа башкарууга тыюу салуу түрүндө кошумча жаза киргизилет, ошондой эле ээлеген кызматынан бошотуу мүмкүнчүлүгү каралат.
Адамдардын өлүмүнө санкциялар
Эгерде Жол кырсыгы адамдын өлүмүнө алып келсе, анда жаза чаралары дагы катуу болот. Мындай учурда эркинен ажыратуу мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин, ошондой эле 9 жылдан 12 жылга чейин айдоочулук укуктан ажыратуу жана белгилүү кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу каралган, деди Байказы Айтикул уулу.
Мурдагы мыйзамдарга ылайык, мас айдоочу толук зыянды төлөп берсе жана жабыр тарткан тарап менен тынчтыкка келсе, кылмыш жоопкерчилигинен кутула алчу. Бирок жаңы мыйзамдар материалдык зыянды толук төлөп берсе да, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жоюп салат. Эми күнөөкөр жазага тартылат жана жумшартуу жагдайлары же пробациялык көзөмөл колдонулбайт.