Ош шаарында 30-июнда Курманжан датка атындагы №76 балдар бакчасы модернизациядан кийин ачылды. Иш-чара Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова, Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Джунг Тапа, ошондой эле балдар бакчасынын кызматкерлери жана тарбиялануучулардын ата-энелери катышуусунда өттү.
Айдарбекова өз сөзүндө өнөктөштөргө колдоо жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ата-энелерди жана кызматкерлерди мекеменин жаңы этабы менен куттуктады. Балдар бакчасынын реконструкциясы ЮНИСЕФтин «Климаттык бизнес-модели» инициативасынын алкагында жүргүзүлүп, балдар үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.