Кыргызстан ЕАЭСте жумуртка өндүрүү боюнча биринчи орунду ээлейт. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, 2023-жылдын биринчи төрт айында өлкөдө 294,1 миллион жумуртка өндүрүлгөн, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 20,7 пайызга көп.
Экинчи орунда Казакстан турат, анда жумуртка өндүрүү 8,6 пайызга өскөн. Жалпы алганда, Евразия экономикалык биримдигинде ошол эле мезгилде 2,6 пайыздык өсүш байкалууда.