Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.Анда мамлекет башчы айыл башчыларына муниципалдык кызматчы макамын берүү боюнча мыйзам кабыл алынганын, президенттин облустардагы өкүлдөрүн, акимдерди жана мэрлерди жылына эки жолудан кем эмес калк менен жолугушууларды өткөрүүгө милдеттендирген мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алганын...