Казакстандын эки палаталуу парламенти расмий түрдө ишин аяктады

Казакстандын эки палаталуу парламенти өз ишин аяктады, бул 1-июлдан күчүнө кире турган жаңы Конституцияга өтүүдө маанилүү кадам болду. Өзгөртүүлөргө ылайык, жакын арада өлкөдө жаңы мыйзам чыгаруу органына — курултайга шайлоо өтөт, деп билдирет «Власть.кз».

Мажилис спикери Ерлан Кошанов депутаттарга жыйналышка активдүү катышканы жана парламенттин ишин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди, сегизинчи чакырылыштын төртүнчү сессиясын жапканын жарыялады. Президент Токаев мажилис жана сенат депутаттары тарабынан жасалган иштин маанилүүлүгүн белгилеп, алардын өкмөткө 2 миңден ашык суроо жөнөтүшкөнүн айтты.