

Кыргызстанда самокат айдагандар үчүн жаңы жүрүү эрежелери күчүнө кирди. Мурда өлкө аймагында түшүндүрүү иш-чаралары гана чектелген болсо, эми Министрлер кабинетинин расмий нормалары бекитилди. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин ГУОБДД юристи Байказы Айтикул уулу «Кабар» маалымат агенттигинин «Элден собол» программасында билдирди.
Жаңы токтомдо жаш чектөөлөр, максималдуу жүрүү ылдамдыгы жана эрежелерди бузгандыгы үчүн айыппулдар белгиленген. Айрыкча, 7 жашка чейинки балдар самокатта чоңдордун коштоосунда гана жүрө алышат. Жеке мобилдик каражаттарды айдагандар үчүн эми коргоочу шлемдерди колдонуу милдеттүү, ал эми түнкү убакта — жарык чагылдыруучу кийимдерди кийүү керек. Ошондой эле жөө өтмөктөрдө самокат айдагандар жолду жөө өтүп, транспортун жанында алып өтүшү керек. Самокаттар үчүн максималдуу уруксат берилген ылдамдык 25 км/ч түзөт.