Бүгүнкү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында мэрияга 120 электробусту кепилдикке берүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул чечим шаардык транспортту электрлендирүү долбоорун ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп калды.
Мэрия 2021-жылдын 28-декабрында Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташтык алкагында макулдашылган 25 миллион долларлык кредитти пайдаланууну пландап жатат. Каражат электробустарды сатып алууга жумшалат, алар бул кредиттин кепилдиги катары кызмат кылат.