1-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Түркияга жөнөйт. Сапарынын алкагында ал эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өтүүчү стратегиялык пландоо боюнча биргелешкен топтун 7-отурумуна катышат.