Талас облусунун Манас районунда «Чон-Капка» автожол өткөрмө пунктунун комплексдүү реконструкциясы аяктады. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Тантаналу иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Талас облусунун Чек ара кызматынын кызматкерлери катышты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын орун басары Данияр Сатимов иш-чарада өткөрмө пункттарын модернизациялоо ведомствонун ишинин маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.