Урологдор ассоциациясынын президенти, медициналык илимдердин доктуру жана профессор Акылбек Усупбаев форумдун ар кандай өлкөлөрдүн адистери үчүн ачык диалог жана кызматташуу үчүн маанилүү платформа болгонун белгиледи. Иш-чарага Европалык жана Евразиялык мектептердин илимпоздору жана практикалык адистери чогулуп, тажрыйба бөлүшүп, урология, онкоурология, андрология жана бөйрөк таш оорусу боюнча акыркы жетишкендиктерди талкуулашты.
Ташкент медициналык кызматкерлерди жетилдирүү институтунун урология жана нефрология кафедрасынын башчысы Асылбек Гайбуллаев форумга Өзбекстандан 30 дарыгер катышып жатканын, анын ичинде жаш адистер бар экенин билдирди. Ал мындай жолугушуулардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, урология тармагында актуалдуу маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп, Кыргызстан менен Өзбекстандагы кесиптештер ортосундагы байланыштарды бекемдээрин айтты.