Бүгүнкү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында «Бишкекте коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуунун тарифтери жөнүндө» 2012-жылдын 26-апрелинде кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы өзгөртүүнүн негизги максаты коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн төлөмдөрүн акчасыз система аркылуу жүргүзүүгө өтүү.
Автобустар жана электробустар үчүн тарифтер 17 сом деңгээлинде калууда, ал эми кичи жана өтө кичи класстагы автобустарда жүргүнчүлөрдүн баасы 20 сомду түзөт.